Премьер-министр жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча орган түзүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча орган түзүүнү тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан «Клоопко» маалымдашкандай, «Коопсуз шаардын» видео байкоо жүргүзүүчү миңдеген камералары Кыргызстан боюнча бардык облустарда орнотулат. Жаңы орган бул камералардан алынган жарандардын маалыматтарынын чоң массивдерин сактоого жардам берет.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, алар жакында жумушчу топ түзгөнгө жана иш планын жазууга киришишет. Учурда жеке маалыматтарды сактоо үчүн Маалымат технологиялар мамкомитети жооп берет.

«Коопсуз шаар» камераларынын маалыматтарынын ачыкталышы

Декабрдын башында интернетте «Коопсуз шаардын» камераларынан алынган сүрөттөр тарап кеткен. Сүрөттөрдө жасалма делген бир номер ар кандай беш автоунаада тагылганы көрүнгөн. Социалдык тармактардын колдонуучулары сүрөттөрдүн бирине МККнын башчысы Алмаз Мамбетов түшүп калган божомолдоп башташкан. Бирок Мамбетов муну четке кагып, сүрөттөгү адам ага окшош экенин билдирген.

Премьер-министр жеке маалыматтардын «Коопсуз шаар» камераларынан чыгып кетүүсүнө реакция кылган. Ал вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго жарандардын маалыматтарынын ачыкталуу фактысын иликтеп, аларды колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.

Мындан тышкары, ал Маалымат технологиялар мамкомитетине кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.