«Президенттин аброюна шек келтирет»: Жээнбековдун басма сөз кызматы Матраимовдордун доосу боюнча комментарий берди

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «президент сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдойт» деп билдирди. Ал бул билдирүүнү бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү ЖМКларды сотко бергенден кийин жасады. Матраимовдордун доо арызынан кийин «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банк эсептери камакка алынган эле (кийинчерээк алар эсептерди камакка алууну жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан).

Жээнбековдун басма сөз катчысынын айтымында, президент азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн.

«Бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтире турганын так кесе билдиребиз», — деди Стамалиева.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана алардын жубайлары, ошондой эле аларга таандык болгон «Исмаил Ата» коомдук фонду 12-декабрда «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко берген.

Соттун маалыматы боюнча, Матраимовдордун ар-намысын жана кадыр баркын коргоо боюнча доонун суммасы мындай болгон: «Азаттыкка» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клоопко» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар), 24.kgге 15 млн сом (213,2 миң доллар) жана «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго 10 млн сом (142,2 миң доллар).