Сот үч басылманын жана журналист Али Токтакуновдун эсептерин камактан чыгарды

Бишкектин Свердлов райондук соту «Азаттык», «Клооп», 24.kg жана журналист Али Токтакуновдун банктык эсептерин камактан чыгарды. Бирок банктык эсептер камактан дароо эмес, 10 күндүн ичинде чыгат. Ошол эле 10 күндүн ичинде бул чечимдин үстүнөн даттанса болот.

Матраимовдордун ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо тууралуу доосу чакыртылган жок. ЖМКлардын эсептерин камактан чыгаруу чечимин судья Жылдыз Ибраимова чыгарды. Бул эсептерди камакка алуу тууралуу чечимди да ал кабыл алган.

Матраимовдордун өтүнүч каты

Басылмалардын эсептери камакка алынып, андан улам резонанс жаралгандан бир күн өткөндөн кийин Матраимовдордун өтүнүч каты тууралуу белгилүү болгон.

Матраимовдордун юристтери ЖМКлардын эсептерин камакка алууну жокко чыгаруу боюнча өтүнүч катты Бишкектин Свердлов райсотуна беришкен. Мындан тышкары, соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча арызды 24.kg маалымат агенттиги да берген.

«Сот [эсепти] камакка алуу менен маалымат агенттиктин ишмердигин гана бөгөттөбөстөн, ал сөз эркиндик укугун кепилдеген Конституциянын ченемдерин да бузду», — деп айтылат 24.kgнин юристтеринин арызында.

Матраимовдордун доо арызы

Коюлган доо «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP эл аралык иликтөө борборунун 21-ноябрда жана 3-декабрда эки бөлүк болуп чыккан журналисттик иликтөөлөрүнө жооп болгон. Журналисттик иликтөөдө айтылган бажыдагы коррупция, кланчылык жана аткезчиликтен Кыргызстан гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрү да жабыр тарткан.

Материалда бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан Тургунова тууралуу да айтылган. Иликтөөчү журналисттердин маалыматчысы Айэркен Саймаитинин айтымында, кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадырдын аткези үчүн керек болгон коррупциялык тармакты так гана Матраимов улаштырган. Ал эми анын жубайы Абдукадырдын кланы менен биргеликте Дубайдагы бизнеске ээлик кылат. Иликтөө документтерге жана расмий маалыматтарга таянып жазылган.

Матраимовдор иликтөө үчүн ЖМКларды сотко берип, «Азаттыктан» 22,5 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Али Токтакуновдон 10 млн сом компенсация алууга аракет кылышкан.

Мындан тышкары, алар 24.kg басылмасынан 15 млн сом (213 миң доллар) компенсация алууга аракет кылышууда. Бул басылма журналисттик иликтөөнүн үстүндө иштеген эмес, бирок алар аны өз сайтына жарыялашкан.