«Жээнбековдун бекем убадасына каршы келет» — «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын директору эсептердин камакка алынышы тууралуу

«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын директору Жейми Флай Матраимовдордун «Азаттыктын» журналисттерине каршы койгон доосу боюнча пикирин билдирди. Матраимовдордун үй-бүлөсү журналисттик иликтөө чыккандан кийин доо арыз менен сотко кайрылышкан. Алардын арызынан кийин Свердлов райсоту дароо «Азаттыктын» банк эсептеринен 22,5 млн сомун камакка алуу тууралуу аныктама чыгарган.

Флай «бул “Азаттыктын” ишмердигине жана өз алдынчалыгына карата чектен чыккан чабуул жана “Азаттыктын” кабарчылары менен кызматкерлерин коркутуу» деп эсептейт.

«Бул ошондой эле август айында мени менен жолуккан учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун көз карандысыз журналистиканы жана Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү коргоору тууралуу бекем убадасына каршы келет. Мен биздин эсепти тезинен камактан чыгарууну көптөн көп өтүнөм», — деди Флай.

Үстүбүздөгү жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» журналисттик иликтөөлөрү «коррупция менен күрөштө абдан маанилүү» деп айтып, ал «басылманын угарманы» экенин белгилеп өткөн.

Сот «Клооп» менен 24.kg маалымат агенттигинин банк эсептерин да камакка алган. Соттун маалыматы боюнча, Матраимовдордун ар-намысын жана кадыр баркын коргоо боюнча доонун суммасы мындай болгон: «Азаттыкка» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клоопко» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар), 24.kgге 15 млн сом (213,2 миң доллар) жана «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго 10 млн сом (142,2 миң доллар).