Кыргызстанда уран жана торий казууга тыюу салынды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам долбооруна ылайык, эми Кыргызстандын аймагында уран жана торий казууга, анын ичинде радиоактивдүү туюккаптарды иштетүүгө жана аларды жеке колдорго өткөзүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле, Кыргызстандын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мыйзамдын максаты — «калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргызстанда радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу».

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран иштетүүгө лицензиялары бар болгон компанияларга мындай иштерди жүргүзүүгө тыюу салган.

Уранга каршы нааразычылыктар

Бийлик 2019-жылдын апрель айында Ысык-Көлдө жана Бишкекте болуп өткөн бир катар нааразычылыктардан кийин уран жана башка радиоактивдүү элементтерди иштетүүгө жана чалгындоого тыюу салууну чечкен.

Уран кендери иштетилип жана казылышы мүмкүндүгү жөнүндө 2018-жылы белгилүү болуп, ал эми 2019-жылы мартта «КГРК» кыргыз компаниясы орусиялык инвестор менен келишимге кол койгон.

Апрель айында Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлө баштаган. Жергиликтүү калк буга терс мамиле кылып, митингдерге чыга баштаган.

Бишкектин борбордук аянтында 21-апрель күнү уран кендерин иштетүүгө каршы флешмоб болуп өткөн. Ошондон кийин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Таш-Булак уран кенинде иштерди токтото турууну тапшырган.

Мындан көп өтпөй депутаттар уран казуу тууралуу мыйзам долбоорунун үстүнөн иштей башташкан. Бүгүн ага Жээнбеков кол койду.