Адвокат Нурбек Токтакуновдун айдоочусуна ич кийимчен адам кол салды

«Досума кол салууну эскертүү катары баалайм», — дейт Матраимовго каршы арыз жазган юрист Токтакунов.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун сотто кызыкчылыктарын коргогон адвокат Нурбек Токтакуновдун айдоочусуна ич кийимчен адам кол салган. Бул тууралуу 16-декабрда Токтакунов «Клооптун» кабарчысына билдирди.

Юрист өзү артынан аңдуу жүрүп атканын жана үйүндө тартылган сүрөттөрдү жарыялап атышканын кабарлады.

Дарбазанын алдындагы ич кийимчен адам

Адвокаттын айтымында, кол салуу 14-декабрь күнү таң эрте болуп, «жиндиликтин окуясы» болуп калган.

«Таңкы саат 6да [айдоочунун] дарбазасын талкалап, кийимин чече калып жылаңач адам кол салат. Чымыр денелүү адам. Досум качып кутулуп, бекинип алып милиция чакырган, ал бир сааттан кийин келген. Башында кол салган адам жинди көрүнгөн, эми болсо ал кийинип алыптыр, тынч жана абдан ийкемдүү сүйлөштү. Дароо өзгөрүлдү», — деп айтып берди Токтакунов.

Кийинчерээк Ленин РИИБи кол салган адам аскер кийимдерин ташуу менен иштеген Орусиянын жараны болгонун аныктаган.

Kaktus Media басылмасынын маалыматына ылайык, ошол эле күнү ал мас абалда болуп болбогону текшерилген.

«Кет бул жактан»

Токтакунов «Клоопко» кабарлагандай, ал айдоочусуна кол салууну эскертүү катары кабыл алган. Анын айтымында, ал Сапар Исаковдун ишинин үстүндө иштей баштагандандан тарта бир жыл бою артынан аңдуу болуп атканын байкап жүрөт.

«Мындан тышкары, фейсбукта [белгисиз адамдар] кандайдыр бир жол менен үйүмө кирип алышканын айгинелеген сүрөттөрдү жарыялашкан учурлар болгон», — деди адвокат.

Ошондой эле Токтакунов социалдык тармактарда ага өлкөдөн чыгып кетүүнү сунушташып аткандыгы тууралуу жайылып аткан маалыматты тастыктады. Адвокаттын айтымында, бул сунуштар «ага УКМКнын боору ооруп жаткан кызматкерлеринен» келүүдө. Бул Токтакунов башкы прокуратурага Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз баюусу фактысы боюнча берген арызынан кийин болгон.

«Мен аларга дайыма сурап келишкен фактыларды бердим. Башкы прокуратура аларды каттоодон жаап-жашырып жатат», — деп кабарлады адвокат.