Бишкек жана Ош шаарларында миграцияга даярдоо борборлору ачылат — Жеңиш Разаков

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда Бишкек жана Ош шаарларында миграцияга даярдоо борболору ачылаарын кабарлады. Бул тууралуу «Economist» басылмасы өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берип кабарлады.

Миграцияга даярдоо борборлору Кыргызстан жана Орусияда өтө турган кайчылаш жылга арналган иш-чаралардын алкагында түзүлүүдө.

Ал эми Орусиядагы кыргыз диаспоранын өкүлдөрү вице-премьер-министрден «жүк-200гө» компенсация алууга кагаз иштерин жеңилдетип берүүнү, темир жолго тарифтерди төмөндөтүү суранышты. Ошондой эле алар Москва жана Сочи шаарларында соода өкүлчүлүгүн ачып, мигранттарга ипотекалык насыяларды алууга жеңилдик алып берүүнү суранышты.

Расмий статистикага ылайык, 2018-жылы Орусияга 640 миңдей кыргызстандык чыгып кеткен. 2016-2017-жылдары өлкөгө жалпысынан 320 «жүк-200» келген. «Жүк-200» — бул чет өлкөдө каза болгон жарандарды (көбүнчө аскерлерди) мекенине авиациялык жол менен жеткирүү.