Сот «Ачык саясат» гезитин депутат Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Кожобек Рыспаев

Жогорку сот «Ачык саясат» гезити депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттүү болгон чечимди күчүндө калтырды. Гезит Рыспаевди «бир партиядан башка партияга өтө берген хамелеон» менен салыштырган.

«Какстус» басылмасы маалымдагандай, гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова гезит жабылып калышы мүмкүн деп билдирген. Гезит компенсациянын ордун толтурууга сумманы чогултуу үчүн акция өткөрүүнү пландап жатат.

КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева сот чечимин «саясий буйрутма» жана «оппозициячыл гезитти жабууга аракет кылуу» деп атады.

«Булактардан билгенибизге караганда, бийликтин жогорку эшелондорунда бул гезит менен бир нерсе кылыш керек деген сөз болуп жатат. Гезит кантип 300 миң төлөй алсын? Дагы бир оппозициялык гезиттин оозун жаптырып, банкрот кылып, жок кылдыруу аракети болуп жатат», — деди ал.

Рыспаев гезитке каршы ишти үстүбүздөгү жылдын май айында жеңип алган. Сентябрда депутат басылмага каршы ишти дагы бир жолу уткан, бул ирет шаардык сотто.

Депутат гезит менен 2018-жылы августта чыккан макаланын айынан соттошуп жатат. Макалада автор депутаттын бир партиядан башка партияга өтө бергенин айтып, ал «хамелеон» деп жазган.