Дастан Бекешев укук коргоо органдарына ЖМКларга болгон DDoS чабуулду иликтөөнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешев укук коргоо органдардан Factcheck.kg сайтына болгон кибер чабуулду иликтеп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алууну суранды.

«Мурдагы күнү, 17-декабрда, бир окуя болду. Журналисттер бул биздин Кыргызстанда бир белгилүү үй-бүлө жөнүндө иликтөөнү жасап, Factcheck.kg сайтында чыгарып, жарыя кылгандан кийин 2 сааттан соң DDoS чабуул башталган. Башка сайттар дагы ал маалыматты “перепечатка” кылып, аларга дагы DDoS чабуул болгон. DDoS чабуул Жазык кодекстин “Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк”, “Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү” жана “Компьютердик саботаж” беренелеринин негизинде кылмыш аракеттери катары эсептелет. Эми мен билбеймин, биздин укук коргоо органдары ушул изилдөөнү кылалабы-кылалбайбы, кылмыш аракеттер каяктан чыкты, ким аны кылып жатат, компетенция ушундай барбы, адистер барбы?» — деди депутат.

Бекешев өкмөт жакында эле Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекеттердин маалыматтык технологиялар тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшүү жөнүндө келишимди ратификациялаганын жана эгер муктаждык болсо башка өлкөлөргө жардам сурап кайрылууга болоорун эске салды.

Factcheck.kgнин журналисттери Bellingcat менен биргеликте бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованын кийим-кечеги, автоунаасы жана зер буюмдарынын баасы канча туураары жөнүндө иликтөө жарыялашкан.

Иликтөө жарык көргөн убактан эки саат өткөн соң Factcheckтин сайты DDoS чабуулга кабылган. Мындан тышкары, бул иликтөөнү өз сайттарында басып чыгарган «Кактус», «Экономист», Govori.tv, «Вечерний Бишкек», knews.kg, «Политклиника» жана Kloop.kg сайттары да кибер чабуулга дуушар болушкан.