ОМОН сабаган кыргызстандыктар Хабаровсктон депортация болушу мүмкүн

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигин өкүлү Байымбетова Гүлбарчын Хабаровскто сабалган кыргызстандыктар өлкөдөн депортация болушу мүмкүндүгүн тастыктады.

«Учурда сот биздин жарандарды депортациялоо чечимин кабыл алды деп айтууга болбойт. Бардык жагдайлар териштирилип жатат, тактап айтсам биздин жарандар тараптан миграция жөнүндө мыйзам бузуу болгондугун же болбогондугун. Биз жабыркаган мигранттарыбызга керектүү жардамды көрсөтүп жатабыз — айрыкча юридикалык жактан», — деди Байымбетова.

Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев Хабаровсктон 14 кыргызстандык депортация болоорун билдирген — алардын ичинде ОМОН кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандар да бар. Анын айтымында, алардын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сот ушундай чечим кабыл алган.

Мындан мурун укук коргоочу Валентина Чупик сабалган мигранттарды депортациялоо менен коркутушууда деп журналисттерге айткан.

«ИИБдин начальниги жумуш берүүчү аркылуу эгер кимде-ким арызданса 5 жылга депортацияланаарын, ал эми үй-бүлөсүнүн айынан Орусиядан депортациялоого болбогондорду баңгизат ыргытып, түрмөгө отургузуп коюшаарын жеткирип барууну айтышы ыктымал», — деген Чупик.

Мигранттардын сабалышы

13-декабрда Кыргызстандын Хабаровскдогу Консулдугуна жардам берүү өтүнүчү менен кыргызстандыктар кайрылган — аларды ОМОНдун кызматкерлери сабап, документтерин алып, кайтарбаганын айтышкан. Алгач 15 арыз түшкөн деген кабар түшкөн, кийинчерээк 18 кыргызстандык кайрылганы белгилүү болду.

ОМОН мигрант айдоочулардын автопаркына кирип 70дей кыргызстандыкты сабаган. Өзбекстандык ЖМКлардын маалыматына ылайык, ур-токмокко алынган мигранттардын арасында 20 өзбекстандык бар.

Алардын баарын полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Жабыркагандардын айтымында, полиция кызматкерлери видеокамераларды чаптап, мигранттардын «тумшугу жакпагандыгы», «жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткендигин» айтып келтек менен сабап башташкан.

Кээбир жабыркагандардын документтерин кайтарып бербегендиктен, аларды ооруканалар кабыл албай коюшту. Жабыркагандардын айтымында, кээбир мигранттар таптакыр эле катуу сабалганынан улам тез жардам чакырылган, бирок алардын документтери жок болгондуктан дарыгерлер аларды унаадан түшүрүп салышкан — алар үйдө даарыланганы аргасыз болушкан.

Кыргызстандын ТИМи орус элчилигинин Кыргызстандагы дипломат өкүлүнө «чечкиндүү нааразычылык» билдирди. Орус элчилигинин өкүлү министрликти токмоктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголголду деп ишендирди.

Хабаровсктон кыргыз дипмиссиясын кыргызстандыктарды сабаган омончулар жоопкерчиликке тартылат деп ишендиришти.