Кыргызстандын элчилиги жана ТИМи Орусиядан Хабаровсктогу кыргыздардын сабалышын иликтөөнү суранды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «өтө тынчсыздануу менен» Орусиянын ИИМи менен ТИМине, анын ичинде Башкы прокуратурасына кайрылып, Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктардын токмоктолушун иликтөөнү өтүндү. Элчилик журналисттерди бул окуя «өзгөчө көзөмөлдө» деп ишендирди.

Хабаровсктон кыргыз дипмиссиясын кыргызстандыктарды сабаган омончулар жоопкерчиликке тартылат деп ишендиришти.

Кыргызстандын ТИМи орус элчилигинин Кыргызстандагы дипломат өкүлүнө «чечкиндүү нааразылык» билдирди. Орус элчилигинин өкүлү министрликти токмоктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголголду деп ишендирди.

Эмгек мигранттарын токмоктоо

13-декабрда Кыргызстандын Хабаровскдогу Консулдугуна 15 кыргызстандык кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшкөн. Алар ОМОНдун кызматкерлери ондогон кыргызстандыктарды сабаганын айтышкан. «Азаттыктын» маалыматы боюнча, алардын саны 80ге жакын, ал эми Кыргызстандын элчилиги 73 мигрант тууралуу кабарлаган — алардын арасынан 70и кыргызстандыктар. «Озодликтин» маалыматына караганда, дагы 20 өзбек сабалган.

Кыргызстандын Орусиядагы миграция боюнча мамкызматына жабыркагандар документтерди текшерүү себеби менен токмоктолушканын айтып беришкен.

«Омончулардын автобусу келип, эч нерсе түшүндүрбөстөн, себепсиз эле “жүргүлө, полицияга баралы” [дешти]. Жүздөй адамды автобуска тыгышты. Полицияга келгенде автобустан келтек менен түшүрө башташты, баары бети менен жерди карап [жатышты]. Баарын бөлмөгө киргизип, сабай башташты. Документтерди да текшеришкен жок, жөндөн жөн эле сабап башташты», — деп айтып берген жабыркагандардын арасындагы Жыргалбек аттуу жигит.

Анын айтымында, полицияда видео байкоо камералы болгон, бирок аларды бети менен жерди карап жаткан адамдар өйдө карай албашы үчүн камераларды «скотч менен чаптап салып», адамдарды тебелешкен. Андан кийин кармалгандарды «бул жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткениңер үчүн», «бул жүргүнчүлөргө оройлук кылганыңар үчүн» жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтуу менен келтек менен сабашкан.

«Силердин тумшугуңар бизге жакпайт дешип, адепсиз сөздөрдү айтып, ашата сөгүп жатышты. Төрт-беш адамды алар таптакыр эле катуу сабап, эс учун жоготушту. Алардын бирөөсү өлүп калайын деди, кашык менен тилин басып, аз жерден жутуп ала жаздады. Араң өзүнө келди», — дейт Жыргалбек TONG JAHONI эл аралык коммерциялык эмес уюмунун юристи Валентина Чупик менен маектешүүдө. Жабырлануучу Чупикке полицияда көптөгөндөрдүн документтерин кайтарып бербей коюшуп, ошондон улам тез жардам жабыркаган мигранттарды «беш жүз метр жүргөн соң эле» түшүрүп салганын айтып берген.

Жыргалбектин «Настоящее время» басылмасына берген интервьюсун башка кыргызстандык Самарбек Осмон уулу ырастап берди.

«Паспорт жок болгондуктан, ооруканадан кабыл алышкан жок. Азыр оор абалда үйдө жатам. Кабыргам сынды. Бетимде ур-токтоктоонун эч кандай издери жок, бирок денемдин баары көк ала. Эмне үчүн бизди сабап жатышат деп сураганга да мүмкүн болгон жок. Бөлмөгө он адамдан киргизип жатышты, ал жакта үчөө дубинка менен сабап жатышкан. Баары тең бет капчан болушчу. Бул кайсы бөлүм экенин, бул адамдар кимдер экенин көргөн жокпуз. Кээ бирөөлөрдү миграциялык кагаздарды чайнатып, суу менен жутууга мажбурлашкан», — дейт ал.

Чупиктин айтымында, жабыркаган кыргызстандыктарды эгерде токмокко алынган фактыны тастыктап беришсе депортациялоо менен коркутушууда.

«ИИБдин начальниги жумуш берүүчү аркылуу эгер кимде-ким арызданса 5 жылга депортацияланаарын, ал эми үй-бүлөсүнүн айынан Орусиядан депортациялоого болбогондорду баңгизат ыргытып, түрмөгө отургузуп коюшаарын жеткирип барууну айткан ыктымал», — дейт Чупик.

Тексттин үстүндө иштегендер: Жамиля Асанова, Батма Шүкүрбекова