«Саясий репрессия». Ширин Айтматованын күйөөсү эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-декабрда экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевди эки айга камоо чечимин чыгарды. Сот аны ТИЗО-1де 2020-жылдын 20-февралына чейин калтырды. Бул тууралуу Айтматова твиттерде кабарлады. Аны жана башка туугандарын, ошондой эле журналисттерди сот отурумуна киргизишкен эмес. 

«Бул саясий репрессия жана мага басым кылуу жолу», — деп жазган ал.

Айтматованын айтымында, аны укук коргоо органдарынын кызматкери Талант Исаевдин көрсөтмөсү боюнча сотко киргизишкен эмес — ал депутат Канат Исаевдин иниси. Мурдараак Айтматова депутат Токмок шаарынын мэри болуп турганда анын ишмердүүлүгү тууралуу антикоррупциялык видео ролик чыгарган. Материал жарык көрөөр алдында Исаевден жана ИИМден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Айтматованын жолдошу Кенжебаевди УКМКнын кызматкерлери алматы Аэропортунан 20-декабрга караган түнү кармашкан. Ал үй-бүлөсү менен Чыңгыз Айтматовдун жубайынын дарылануусу үчүн чет өлкөгө учуп кетиши керек эле. Кийинчерээк атайын кызматтан Кенжебаев алдамчылык боюнча кармалганын билдиришкен.

Алдамчылык боюнча ишти эмне үчүн ИИМ эмес УКМК карап жатканы белгисиз. Ведомствонун маалыматы боюнча Кенжебаевдин үстүнөн арызды кытай ишкери Мотайлифу Маймайтяминг жазган. Ал Кыргызстанга «Коопсуз шаар» долбоорунун сынагы үчүн катышканы келген жана ири кытай компанияларынын бирин жетектейт.

Ал маалымат жыйын куруп Кенжебаев анын өнөктөшү болгонун жана паспортун алып коюп бере электигин, ошондой эле акча опузалаганын билдирген. Маймайтямингдин адвокаты УКМКга арыз жазылганынын себебин Кенжебаев ИИМдеги тааныштары менен коркутканына байланыштуу деп маалымдаган.

Ширин Айтматова — дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун кызы, мурдагы депутат жана саясий активист. Ал Үмүт 2020 антикоррупциялык кыймылын түзгөн. Кыймыл Bellingcat борборунун иликтөөчү журналисттери менен биргеликте видео иликтөөлөрдү даярдап келет.

Айтматова укук коргоо органдарынын жолдошуна болгон кызыгуусу, ал бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишмердүүлүгүн иликтей баштагандан кийин пайда болду деп ишендирет.

Матраимов — 2019-жылдын ноябрында жарык көргөн «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүнүн фигуранты. Иликтөө жарыялангандан кийин Матраимов жанан анын туугандары иликтеген басылмаларды сотко берген.