Орусияда ондогон кыргызстандык айлык маяналарын ала албай жатканына даттанышты

Мигранттардын айтымында, Орусиядагы Саранск шаарындагы «Атяшевский» эт чыгаруучу комбинатынын жетекчилиги алардын өздүгүн аныктаган документтерин алып коюп, айлык маяналарын бербей жатышат. Бул тууралуу кыргызстандыктар видео кайрылуу аркылуу NewTV телеканалына кабарлашкан. Ал эми сюжет эфирден 22-декабрда кеткен.

Тасмадагы кадрлардан ондогон кыргызстандыкты көрүүгө болот. Алар кайрылууда эт өндүрүшкө иштегени Бишкек шаарындагы Working Capital компаниясы менен келишим түзүп барышканын билдиришкен. Мигранттар ишендиргендей, келишим түзүлгөн учурда аларга үч маал ысык тамак, жатакана жана жогорку маяна убадаланган. Бирок ал жакка баргандан кийин убадалардын бири дагы аткарылган эмес.

«[Компаниядан] уй, кой соёсуңар, эч кандай чочко болбойт. Жатаканаңар бекер, жуунчу жай бар деп жиберген — мына биз келдик, [жашаганы] эч кандай шарттар жок. [...] Жалаң эле чочко соё турган жер экен. Тамак деле бир маал берет экен, болгондо да чочконун этинен шорпо — биз тамагын иче албадык. Бул жерде азыр акчабыз да жок, ачкабыз», — деп айткан мигранттардын бири.

Дагы бир кыргызстандык эки ай иштеп 15 күндүн эле маянасын алганын айткан. Мигранттар Орусиядан эмгек акыларын алгандан кийин гана чыгып кетишээрин билдиришкен.

Working Capital ЖЧКсынын жетекчиси Алтынай Абдираимова телеканалга берген интервьюсунда мигранттардын айткандарын төгүндөгөн. Анын айтымында, мигранттар чочко эти кошулган колбаса өндүрүүчү өндүрүшкө бараарын алдын ала билишкен.

«Жумуш издегендер келгенде Орусия мусулман өлкө эмес, колбаса заводдо чочко аралаш иштейсиңер, тамагы да халал эмес, бир маал берилет деп айтабыз […] Жумуш берүүчүлөр менен бул маселе боюнча байланыштык […] Бүгүнкү күндөн калбай [“Атяшевский” ЖЧКсы] баарына маянысын берет. Баары мыйзам чегинде», — деп түшүндүргөн Абдираимова.

Ал эми Кыргызстандын миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн «Клоопко» кыйынчылыкка туш болгон мигранттарга айлык маянасы менен паспорттору берилди деп ишендиришти.

«Working Capital ЖЧКсынын жетекчиси бизге келип, түшүнүк кат жазды. Анын айтымында, белгисиз адамдар Working Capitalга окшош компания ачып, алардын атын жамынып мигранттарды Орусияга мыйзамсыз жөнөтүп жүрүшкөн. А чынында ал компаниядан төрт адам барыптыр», — деди мекеменин басма сөз кызматы.

Ведомстводон «Атяшевский» эт чыгаруучу комбинатынын аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталып, Орусиянын укук коргоо органдары 6 миллион рубль айыппул салганын кошумчалашты.