Кабинетте өткөн сот: Атамбаев УКМКда өтүп жаткан сот отурумунан чыгып кетти

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мурдараак кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу сотко катышуудан баш тарткандыктан Биринчи май райондук соту сот отурумун УКМКнын имаратына дайындап, кабинетте өткөрдү.

Атамбаев баары бир деле процесске катышуудан баш тартып, туруп алып кабинеттен чыгып кетти — судья тыныгуу жарыялаганга аргасыз болду.

Бул окуяны Атамбаевдин адвокаты төмөнкүчө баяндап берди:

«Уктуру кабинетте болуп өткөн — анын аянты 15 чарчы метр. Процесстин бардык катышуучулары — 18 адам прокурор жана судья Эмилбек Кайыпов менен бетме-бет отурушту. Санитардык, медициналык жана укуктун ченемдердин бирөөсү да сакталган эмес. Адвокаттар сот отурумун Алмазбек Атамбаевсиз өткөрүү боюнча өтүнүч кат менен кайрылышкан, бирок бизге мындан да баш тартып коюшту. Натыйжада мурдагы президент ордунан туруп, отурумдан чыгып эле кетип калды, судья тыныгуу жарыялады».

Слесарёвдун айтымында, Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп бербей, таптакыр эле отурумдун катышуучуларына реакция кылбай жатат.

Мурдагы президентти коргоо тарабы жазык процессуалдык кодекси кылмыш иштерин көчмө сот жыйындарында кароону шарттабайт деп көшөргөн.

Слесарёв белгилегендей, УКМКнын имаратында «процессти аудио жана видео жаздыруу жок, сот отурумун өткөрүү үчүн жабдылган зал жок, анын ичинде мобилдик телефон жана компьютер колдонууга тыюу салынган». Анын айтымында, Атамбаев адвокаттар өз милдеттерин толук кандуу аткара албай, ал эми ЖМКлар процессти чагылдыра албай калат деп кабатырланган.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде 2013-жылы бошотулган. Кийинирээк медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат, алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Натыйжада, август айынын башында күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында киргизилген.