Бишкек — Ош жолуна ӨКМдин куткаруу бөлүгү ачылды

ӨКМдин куткаруу бөлүгү. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек — Ош каттамынын 154-чакырымына курулган жаңы куткаруу бөлүгү пайдаланууга берилди. Ал Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагында жайгашкан.

Имараттын ачылыш аземи 24-декабрда өттү. Ага ӨКМдин башчысы Нурболот Мирзахмедов, куткаруучулар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бөлүктүн максаты — өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жарандарды куткаруу болуп саналат. Аталган бөлүмдө жети куткаруучу бир Ниссан Пикап үлгүсүндөгү автоунаа жана куткаруу шаймандары менен ыкчам нөөмөттө турушат.

Курулуш иштерине ӨКМден 6 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй бөлүнгөн. Ал эми курулушка жалпы 1,5 млн сомдой каражат сарпталган.