«Грант жана кредит издеп атабыз». Жээнбеков мамлекет үчүн жаңы каражаттар изделип атканын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖМКлар менен болгон бүгүнкү басма сөз жыйында тышкы саясаттагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

«Биз тышкы саясат боюнча саясатты өзгөртүп жатабыз, кредиттер боюнча артыкчылыктарды өзгөрттүк. Узак мөөнөттүү [насыя] алып, грантарды издеп атабыз. Каражаттар көп, аларды тапса болот», — деди президент.

Кыргызстан өз ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнө жүзүндө 5-орунда турат. Мамкарыздын өзү бир аз азайган — мурда ал 4 млрд доллардан ашуун болчу, бирок ага карабастан, ал дагы деле көп жана 3,7 млрд долларды түзөт. Анын дээрлик жарымы — 45% — бул Кытайдын «Эксимбанкына» болгон карыз.

Кытай бийлиги өз кезегинде Кыргызстан карызын төлөп бүтүшү керектигин баса белгилеп айтып келет — бул тууралуу 2018-жылы мартта Кытайдан элчиси Сяо Цинхуа билдирген. Эгер Кыргызстан алган насыясын өз убагында төлөп бере албай калса, анда Кытай эл аралык соттор аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кылууга укуктуу болот.