«Матраимов сыяктуулар жүздөп саналат». Президент бажыдагы коррупция тууралуу

Бажыдагы коррупция жана журналисттердин иликтөөсү жөнүндө суроого жооп берип жатып президент Сооронбай Жээнбеков «бажыдагы коррупционерлер биринен бири ашат», бирок тек гана Райымбек Матраимовду «коррупциянын симоволу» кылып коюшканын айтты.

«Аны мен ачык эле айтып жатам [коррупцияны]. Бажы кызматы биз эгемендүү мамлекет болгондон баштап, 1990-жылдардан тарта май-талкандуу, коррупциялык адамдардын уюгу болуп келген. Райым Матраимов [коррупционер] деп жатпайсыңарбы, “образно” айтканда коррупционер ондоп эмес, жүздөп чыккан. Азыр бажыда иштеген жөнөкөй карапайым элди көрдүңөрбү? Анын мүлкүн, байлыгын көрсөң биринен бири ашат», — деди президент.

Бирок ошентсе да президент башкачараак туюндурмада адаттагыдай эле факт сурады — ал журналисттер менен активисттерге УКМКга келип, бардык билгендерин айтып берүүнү сунуштап, журналисттердин материалдарына юридикалык баа берүү керектигин айтты. Бирок мурдараак иликтөөчү журналисттер УКМКга бардык документтердин көчүрмөлөрүн, анын ичинде аудио жана видео материалдарды өткөрүп беришкен.

«Айтсаң алып барып бирөөнү камай албайбыз да, 37-жыл эмес да», — деди Жээнбеков. Өлкө башчы Матраимовду камоого азырынча негиз жок деп эсептейт, бирок УКМК журналисттердин материалдары боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

Бийлик буга чейин да «Клооптун» башка иликтөөсү жөнүндө да ушундай эле нерселерди айткан. Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан президенттик шайлоодон кийин бийлик ведомство кыргызстандыктардын маалыматтары камтылган Самара сайты жөнүндө материалдар боюнча иликтөө жүргүзөөрүн айткан — бирок жыйынтыгында, УКМК бул факттар боюнча эч кандай иликтөө жүргүзбөгөн болуп чыккан.