24.kg маалыматтык сайты бир нече күндөн бери DDoS чабуулга кабылууда

24.kgнин фейсбугунан алынган иллюстрация

24.kg басылмасы расмий фейсбук барагында сайтына жапырт DDoS чабуулдар болуп атканын кабарлады.

«Биз көпкө унчукпай жүрдүк, бирок баарын ачыктоого убакыт келди. Биздин сайтыбыз бир нече күндөн бери жапырт DDoS чабуулга кабылып жатат. Силер эмне болуп жатканын билбей калышыңыз үчүн колубуздан келгендин баары жасап жатабыз, бирок кээде ал ишке ашпай жатат», — деп айтылат басылманын расмий барагында.

Учурда 24.kgнин сайты үзгүлтүк менен иштеп жатат. Басылманын өкүлдөрү «Клооптун» журналистине алардын сайтына тек кайсыл материалдын айынан чабуул болуп атканын айтышкан жок.

«Өткөн аптада бир жолу чабуул болгон. Жапырт DDoS чабуул кечээки күндөн башталган. Адистерибиз мунун үстүнөн иштеп жатышат», — деп кабарлашты басылмадан.

Декабрь айынын ортосунда бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын кийим-кечектери тууралуу иликтөө жарыялангандан кийин «Клооп», «Фактчек» жана «Кактус» басылмалары да чабуулга кабылышкан.

«Фактчектин» маалыматы боюнча, Матраимовдун аялында баасы 270 миң доллардан аксессуар жана кийим-кечелер бар — бул алардын кирешеси тууралуу декларацияга ылайык келбейт.

DDoS чабуул — бул абдан көп сурамдар менен сайттын серверине чабуул коюу. Анын максаты серверди иштен чыгаруу.