Активист Карабалина кол салуу болгонун билдирди — ал башынан жаракат алган

Сүрөт: Айгүл Карабалаева

Активист Айгүл Карабалина билдиргендей, 26-декабрь күнү кечинде ага эки эркек киши кол салган. Натыйжада анын баш мээси чайкалып, көзүнүн алды көк ала болгон.

«Кечээ түндө менин үйүмдүн алдында мага эки эркек киши кол салды. Мээнин чайкалышы менен көздүн алдындагы көк ала так өтүп кетет, бирок алар мени коркутушпадыбы. Коркуп жатам, балам коркунучка кабылбашы үчүн эртерээк кетким келип жатат», — деп айтып берген ал фейсбукта.

Карабалина «Клоопко» курган маегинде кол салуу заманбап искусство «Феминнале» көргөзмөсүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоду — ал көргөзмөнү уюштургандардын бири болгон. Буга чейин ага комментарийлерде коркутуулар болгон.

Ал милицияга арыз жазбай турганын жана кызынын коопсуздугу үчүн бүгүнтөн калбай чет өлкөгө учууну пландап атканын кабарлады.

«Бул “Феминналеге” байланыштуу болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирөөсү [кол салгандардын] мени тааныды. Ал кыргызча сүйлөп жаткан, мен жакшы түшүнө бербейм. Бирок ал “сен баягылардын бирисиңби?” деп сураган. Алар мени коркутушту. Кичүү кызым 11 жашта, ал өзүң ыңгайсыз сезип жатат. Анын коопсуздугу үчүн да кабатырланып жатам. Бүгүн кетип жатам, менин эч бир нерсеге ресурсум жок. Кызымдын коопсуздугу үчүн кооптонуп атам», — деп билдирди ал.

«Феминнале»

Феминале — бул Кыргызстандагы алгачкы феминисттик көргөзмө. Ал ноябрь айынын аягында башталып, үч жыл мурун Москвадагы басмакада чыккан өрттөн каза тапкан 17 кыз-келиндин элесине арналып 17 күнгө созулган.

Көрсөтмөгө 22 өлкөдөн келген 50 арт-уста катышкан. Алардын эмгектери аялдарга карата зомбулук, басмырлоо, теңсиздик жана сексизм тууралуу чагылдырган.

Көргөзмөдөгү даниялык сүрөтчү Жули Саверинин перфомансы улутчул патриорттордун нааразычылыктарын жараткан. Савери жылаңач чыгуу менен секс жумушчуларынын көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.

Улутчул патриотторго башка да экспонаттар жакпай калган, анын ичинде аялдын тулку бою түрүндөгү боксер грушасы жана аялдын ич кийими бар. Алар аялдарга карата зомбулукту символдоштуруп илинген. Улутчул патриоттор көргөзмөнүн уюштуруучулары менен музейдин өзүн коркутушкан.

Улутчул патриотторду маданият министри Азамат Жаманкулов да колдоп чыккан. Кийинчерээк көрсөтмөнү президент Сооронбай Жээнбековд да сынга алган — ал өзүнүн жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында «бул жакшы эмес» деп айткан.

Жаңжал чыгып, уюштуруучуларга коркутуулар болгондон кийин көркөм сүрөт искусство музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева жумушунан кеткен. Көргөзмөгө жана музейдин экс-директору Мира Жангарачеваны экс-президент Роза Отунбаева колдоп, өз пикирин билдирип чыккан.

«Маданият министри бүгүн социалдык тармактардагы талкуулардын басымынын алдында билдирүү жасады. Бул көргөзмө боюнча өз пикримди жазгым келет: [Feminnale көргөзмөсү] олуттуу, терең, новатордук көргөзмө, ал жерде жөн гана түкүрүнүп жана сөгүнбөстөн, басып жүрүү жана ойлонуу керек!» — деген ал.

Музейде иштеген кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн айтымында, музейге мынчалык көп адам көптөн бери келе элек болчу, ал эми секс жумушчулар көйгөйүнө көңүл бурдургусу келген жылаңачтанган аялдын перформансы башка көптөгөн көркөм акциялардын бирөөсү гана эле.