Оштун тургуну өз кызын «зордуктап жүргөнүн» мойнуна алды — милиция

Материал саат 12:00дө жаңыртылды.

Ош облусунун Араван районунун тургуну 15 жаштагы кызын бир жылга жакын убакыт «зордуктап жүргөнүн» мойнуна алды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

«Тергөө амалдары Араван райондук ички иштер башкармалыгы менен Араван райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн. Прокуратура «Зордуктоо» беренеси менен катталган кылмыш ишин 31-декабрда Араван районунун соттук кароосуна жөнөттү», — деди басма сөз катчы.

Аширбаев маалымдагандай, өз атасынан кордук көрүп жүргөн кыздын апасы 2016-жылы каза болгон. Үч бир тууган атасынын кароосунда калган жана аларга апасынын жакын туугандары каралашып турушканы айтылууда.

Аталган окуя тууралуу милицияга 2019-жылдын 11-декабрында белгилүү болгон. Укук коргоо органдарына ооруканадан кабарлашкан. Анын зордукталганы өспүрүм кыз ден соолугуна даттанып, тайкеси ооруканага алып барганда билинген. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары кыздын атасы камакка алынган. Учурда кызга психологдордун жардамы көрсөтүлүп жатат.

Облустук сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакка алган. 

2018-жылдын мартында Өзгөн райондук соту 11 жаштагы өгөй кызын беш жыл бою «зордуктап жүргөн» деген айып менен атасын 15 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучунун таежесинин билдиришинче, кыз зордукталганы боюнча эч кимге айткан эмес. Анткени өгөй ата ал кимдир бирөөгө ооз ача турган болсо «өлтүрөм» деп коркуткан.