Ноокаттын тургундары кытайлык инвестор каржылаган көмүр казуучу компаниянын ишине каршы чыгышууда

Ош облусунун Ноокат районундагы Жатан айылынын тургундары «Жар-Коргон» компаниясы көмүрдү «мыйзамсыз» казып жатканын билдирип нааразы болушууда. Ал эми аталган компания жергиликтүүлөрдү көмүрдү өз билемдик менен казып жатышкандарына айыптады.

Зулпуев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Канатбек Саланов «Клоопко» тургундардын көмүр казуучу компаниянын ишине каршы болуп жатканын ырастады. Анын айтымында, элдин нааразычылыгын компаниянын жайыт жерлерди туура эмес пайдаланганы жаратууда. Мындан тышкары нааразычылыкка кенди өндүргөн инвесторлор Кытайдан болгону да себеп дейт ал.

«“Жар-Коргон” кенди казуу үчүн лицензияны 2016-жылы алган. Лицензия жер казынасын пайдаланууга укук берген экен. [...] Көмүрдү казууга эл каршы болгондуктан [компания ишти] токтотуп койгон», — деп түшүндүрдү Саланов.

«Турмуш» басылмасы болсо жергиликтүүлөр кытайлык инвесторлордун кетишин талап кылып жатышканын жазды.

Ал эми Араван жана Ноокат райондору боюнча мамэкотехинспекциясынын жетекчиси Акылбек Шамаев мекемеге «Жар-Коргон» компаниясынын негиздөөчүсү келип, элдин үстүнөн арыз жазганын маалымдады. Өз арызында компаниянын өкүлдөрү алар лицензия алган кенде жергиликтүүлөр өз билемдик менен көмүр казып жатышканын билдиришкен.

«Ал [“Жар-Коргон” компаниясынын негиздөөчүсү] кытай инвесторлорду алып келип, көмүр казганы даядык баштаган экен. Көмүр кенди чалгындоо иштерин бүтүрүп, февраль айынан баштап казып башташ үчүн контейнер жана жабдууларды алып келиптир. Көмүр казганы февралдан баштап лицензия алат экен. [...] Бирок [жабдууларды] койгону барганда, эл мыйзамсыз казып жатканын көрүп калышыптыр», — дейт Шамаев.

Шамаев учурда түшкөн арыз боюнча териштирүү жүрүп жаткандыктан толук маалымат бир нече күндө берилээрин кошумчалады.