«Кордай» пункту оңдоого жабылат. Кыргыз-казак чек арасы аркылуу кай жерлерден өтсө болот?

Январь айынын аягында кыргыз-казак «Ак-Жол» жана «Кордай» пункттары реконструкцияга жабылат. Чек ара кызматы качан жабылаарынын так күнүн жана канча көзөмөл өткөрмө пункту иштебээрин айта алган жок.

Көзөмөл өткөрмө жайынын (КӨЖ) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн үч эсе көбөйтүү убада кылынууда.

КӨЖ реконструкция үчүн жабылгандан кийин эки өлкөнүн чек арасынан Чүй облусундагы башка пункттардан өтүүгө болот.

Батыш жакта эки көзөмөл өткөрмө пункту иштейт:

  • «Чалдыбар» өткөрмө пункту. Бул пункт аркылуу Кыргызстан, Казакстандын жарандары жана чет элдик жарандар өтө алат. Ошондой эле жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн да ачык. Бул өткөрмө пункту Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдыбар айылынын жанында жайгашкан.
  • «Кайыңды Темир жол» КӨЖү — Кыргызстандын жана Казакстандандын жарандары менен чет элдиктер үчүн көп тараптуу өткөрмө пункту. Чек арадан поезд менен жол жүргөн адамдар жана жүктөр өтүшөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.

Чыгыш жакта үч өткөрмө пункту иштейт:

  • «Ак-Тилек» өткөрмө пункту. Бул пункт аркылуу Кыргызстан жана Казакстандын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар өтө алышат. Мындан тышкары, жеңил жана жүк ташуучу унаалар да өтө алышат. Бул өткөрмө пункту Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан жана борбор калаага эң жакын пункт.
  • «Кең-Булуң» КӨЖү — чек арадан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана, анын ичинде жеңил жана оор жүк унаалары өтө алышат. Бул өткөрмө жай Токмок шаарына жете бербей Кең-Булуң айылынын жанында орун алган.
  • «Токмак» КӨЖү аркылуу Кыргызстан менен Казакстандын жарандары, ошондой эле жеңил жана жүк ташуучу унаалар гана өтө алат. Ал Токмок шаарына жакын жердеги Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

Бардык көзөмөл өткөрмө жайлары күн-түн иштешет.

Автору: «Клооптун» мектебинин студенти Адилет Иманалиев