Ширин Айтматова күйөөсүнүн иши боюнча сот 13-январда өтөөрүн кабарлады

Экс-депутат жана саясий активист Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин иши боюнча сот кайрадан 13-январда өтөөрүн кабарлады. Ошондой эле ал бул учурда ага күйөөсүнүн иши боюнча белгилүү болгон жалгыз кабар экенин кошумчалады.

Буга чейин 2019-жылы 23-декабрда Кенжебаевге карата кылмыш иши Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн — кылмыш ишин ички иштер органдарына өткөрүп берүү маселесин чечүү максатында. Кенжебаев алдамчылыкка шектелүүдө, бирок башында анын ишинин үстүнөн эмнегедир ИИМ эмес, УКМК иштеген. Кийинчерээк УКМК бул ишти ИИМге өткөрүп берген.

«Клооптун» журналисттери Кенжебаевдин иши тууралуу билүүгө аракет кылышканда ИИМ аларды ИИББге жөнөтүштү. Ал жактан маалыматты УКМКдан тактоону сунушташты, ал эми алар өз учурунда ишти ИИМге өткөрүп, журналисттерди министрликке жөнөткөн эле. Ошентип, жогоруда айтылган ведомстволордун бирөөсү да эч кандай маалымат берген жок.

Кенжебаевдин (Айтматованын күйөөсүнүн) жоголушу

Кенжебаев 19-октябрда Алмата аэропортунда кармалган. Аэропортто ал аялын, балдарын жана кайненесин күтүп жаткан. Ширин Айтматованын апасы менен кызы чет өлкөгө дарыланууга учуп кетиши керек болчу.

Кыргызстандын УКМКсы 20-декабрь күнү гана эртең менен Кенжебаев кармалып, ведомствонун изоляторуна киргизилгенин маалымдаган. Сыргак Кенжебаев алдамчылык тууралуу эки кылмыш ишинде фигурант. Кенжебаевдин кармалышы Айтматованын жигердүү антикоррупциялык ишмердигин шартында болгон.

Ал укук коргоо органдарынын жолдошуна карата кызыгуусу өз иликтөөсүндө бажы бажчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишмердиги башкы объект болуп калгандан кийин пайда болгонун айтууда.

Матраимов «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу биргелешкен иликтөөсүнүн фигуранты. Журналисттик иликтөө 2019-жылдын ноябрь жана декабрь айларында чыккан. Ал материалдар жарык көргөндөн кийин Матраимов жана анын туугандары иликтөөнү жазган журналисттерди сотко беришкен.

Тексттин үстүндө иштегендер: Шүкүрбекова Батма, Асанова Жамиля