Ошто мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси сабалды

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбеков 11-январда түнү сабалган. Учурда Райымбеков ооруканада.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» милиция сабоого кылмыштуу топтун «Казак» каймана аттуу мүчөсүнүн тиешеси бар-жогун тактап жатканын кабарлаган.

«Окуя болгон жерге дароо уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барышкан. Токмоктолгон бала ооруканага түшкөн. Биз «Казакты» декабрда жаш кызды зордуктап койгону үчүн камаганбыз. Аны “үйүңө жеткирип коём” деп уруп-сабап зордуктаган. Биз камагандан кийин сот кайра 8-январда үй камагына чыгарып жибериптир», — деп билдирген Сыдыков.

Кылмыштуу топтун мүчөсү бир нече жолу уурулук жана карактоо үчүн соттолгон. Зордуктоодон тышкары, «Казак» кафеде 23 жаштагы баланы сабаганы үчүн да кармалган болчу.