Видео: Нарында табылган картаң ак илбирс реабилитациялык борборго которулду

Нарын облусунда ачкадан улам арыктаган абалда табылган ак илбирс алгач Бишкекке жөнөтүлүп, эми болсо Ысык-Көл облусундагы NABU-Кыргызстан реабилитациялык борборуна жеткрилген. Ал жакта жаныбар ветеринарлардын кароосуна алынып, өз убагында тойгузулуп турат.

Ветеринарлардын айтымында, илбирстерди Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы багылуучу жайдын капасына чыгарышты, ал жакта дагы эки илбирс бар.

«Илбирстин абалы нормалдуу. Ал тамак жеди. Ал жакта аны карай турган NABUнун алты кызматкери бар», — деп айтып берди Германиянын NABU-Кыргызстан Жаратылышты коргоо биримдигинин ветеринары Бакыт Ажыбеков.

Бул ак илбирстин ургаачысы. Ага Ак Мөөр деген ат коюлган.

Ак илбирс 11-январда Нарын облусунан Бишкекке алынып келинди. Жаныбарды жергиликтүү чабандар таап алышкан. Ал тамак-аш издеп адамдар жашаган жерге түшүп келген болушу мүмкүн.

Ветеринарлар аны реабилитациялык борборго которуу чечимин кабыл алышты, анткени илбирс бир топ жашка келип калгандыктан жана азуусу жок болгондуктан өз алдынча аңчылык кыла албайт.