Матраимовдун арызы боюнча «Клооптун» мурдагы кызматкери сурактан чыкты

Ош милициясы «Клооптун» мурдагы кызматкерин суракка алып бүттү — ал коопсуздук максатында ысымын атабоону суранган. Суракты тергөөчү Жаныбек Каримбердиев өткөргөн. Ал журналист менен саат 15тен 17ге чейин маектешти. Ал «Клооптун» журналистика мектебинин студенти 15-январда саат 9да сурак берет.

Мурдараак тергөөчүлөр басылманын айдоочусун, журналистин жана операторун суракка алган. Алардын баары 9-январда каралбай калган имаратты тартуу учурунда съемкада чогуу жүрүшкөн.

Видео тобуна каршы арызды бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимов жазган. Райымбек Матраимов — бажыдагы аткезчилик жана коррупция тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты.

Руслан Матраимовдун айтымында, журналисттер анын үйүн тартышкан. Бирок анын үйү каралбай калган имараттан бир нече жүз метр алыстыкта жайгашкан. Ал съемка анын коопсуздугуна жана жеке жашоосунун кол тийбестигине коркунуч жараткан деп эсептейт.

Ош милициясы жеке жашоонун коопсуздугун бузуу жөнүндө беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган. Бирок бул берене материал жарык көргөндөн кийин гана колдонулушу керек — алгач материал кимдир бирөнүн кол тийбестигин бузуп-бузбаганын текшерүү зарыл. Анткен менен кимдир бирөөнүн кол тийбестигин бузду делип аткан материал жарык көргөн эмес.

ШИИБ билдиргендей, суракка алынган съемка жүргүзүүчү командадан видео материалдарды алуу үчүн редакцияга сурам кат жөнөтүлгөн. Бирок «Клоопко» азырынча сурам кат келе элек.

Руслан Матраимов — Матраимовдорго таандык болгон «Исмаил ата» кайрымдуулук фондун жетектейт. Аталган фонд жана Искендер Матраимов, Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко беришкен.