Бишкекте кыргыз-тажик чек ара чырынан улам кармалгандарды колдоо митинги өттү

Бүгүн саат 10:00дө Жогорку Кеңештин алдында митинг болуп өттү. Анын катышуучулары чек аранын жанындагы жаңжалдан улам кармалган баткендиктерди колдоп чыгышкан. Митингчилердин арасында Бишкектин да, Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары да бар болгон. Чек арадагы чыр акыркы жолу так ошол Көк-Таш айылында чыккан.

Баткендиктер кармалган Көк-Таштын тургундарын бошотууну жана «өз үйлөрү менен туулган жерин коргоп чыккан» жергиктүү тургундарга карата кысымды токтотууну талап кылышууда.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн бири Асхат Осмонов митингчилер Баткен облусуна «администрация бул кырдаалды көзөмөлгө ала алышы үчүн өзгөчө жогорку генерал губернаторлук макамын» берүүнү да талап кылып атышканын билдирди.

«Өкмөттүн жана башкы буйрук берүүчүнүн негизги максаты — бул өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо, бул ар бир аткаминердин милдети. [...] Азыр Ак үйдөгүлөр саясий эрк көрсөтүшү керек, ошондуктан чогулдук бул жерге, өкмөтүбүздөн талап кылып, аларды чечкиндүү болуп, сүйлөшүүлөрдү тең ата жүргүзүүлөрүнө түртүү үчүн», — деди ал.

Акцияда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду отставкага кетирүү талаптары айтылды.

«Жеңиш Разаковго ишенич жок. Ал отставкага кетиши керек», — деген талапты коюшту митингге чыккан баткендиктер.

Чек арадагы чыр

Көк-Таш айылындагы жаңжал 9-январда башталган. Укук коргоо органдарынын кагылушууларды токтотуу аракеттерине карабастан, чыр-чатак 12-январга чейин уланган. Ал күнү Кыргызстандын Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара шаарынын жашоочулары кайым айтышып кетишкен.

Пикир келишпестик таш ыргытууга айланып, кыргызстандыктын машинасынын айнеги талкаланып, дагы бир Кыргызстандын жаранынын башына таш тийген. Мындан тышкары, бир тажикстандыктын машинасына таш ыргытылган.

Бул тирешүүлөрдөн кийин милиция Көк-Таштын төрт тургунун кармаган. Буга алардын айылдаштары нааразы болуп Ош — Баткен — Исфана жолун тороп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Ошол эле күнү бийлик тургундарды жолду ачууга көндүрөгөн.

Баткен ОИИБи кармалгандардын үстүнөн «курал жаракты мыйзамсыз сактоо» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлашты. Кармалгандар бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА: