Росинбанктын төрагасынын экс орун басары Кыргызстанга 489 млн сом төлөп бериши керек

Жогорку сот «Росинбанктын» (учурда «Керемет банк») төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхмандын ишине байланыштуу акыркы чечимди чыгарды. Ал мамлекеттин пайдасына 489 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилип, 9 жылга сотттолду.

Жогорку сот Гойхманды мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга кесип, аны банк тармагында 3 жылга айрым кызматтарды аркалоо укуганан ажыраткан шаардык жана райондук соттордун өкүмүн күчүндө калтырды.

Мындан тышкары, жогорку инстанциядан Гойхман мамлекетке төлөбөй койгон 489 млн сом өлчөмүндө салыкты кайтарып бериши керектигин кабарлашты.

«Росинбанк» — «Залкар Банктын» акцияларынын 90% Орусиянын «ИСБ Холдингине» сатуу жолу менен 2013-жылы түзүлгөн. Андрей Гойхман банк 2013-жылы Кыргызстанда иштей баштагандан бери банктын башкаруучу төрагасынын орун басары болгон. Бул кызматта ал 2015-жылга чейин журналисттерге комментарий берип жүргөн.

2018-жылы финпол кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу жана адалдаштыруу айыбы боюнча Гойхманды кармаган. Ведомство алар «Росинбанкта» «акчалардын изин жашыруу боюнча схема» табышканын жана анын жардамы менен 3 млрд рублдан ашуун акча адалдаштырылганын айткан. Ведомство үч кылмыш ишин козгоп, Гойхман ТИЗОго киргизилген.

2019-жылы агустта «Росинбанк» ААКы расмий түрдө «Керемет Банк» ААКы деп өзгөртүлгөн. Банктын акцияларынын 95% ашууну Кыргызстандын Улуттук банкына таандык.