Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү «7 каналды» «бир тараптуу» маалымат таратууга айыптады

«7 канал» 9-январь күнү Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаз» ишканасы тууралуу репортаж жарыялаган. Анын ичинде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ишканага башчы болууга «кызыктар» деген маалымат айтылган.

Кийинчерээк өкүлчүлүк «7 каналга» кат жиберип, ЖМК жарыялаган маалымат «бир тараптуу» жана «журналисттик этикага дал келбешин» билдирген. Ошондой эле катта өкүлчүлүк «Сатыбалдиевден интервью алууну же материалды төгүндөөнү талап кылган».

«Эгерде сураныч мыйзам чегинде аткарылбаса, чагылдырылган маалымат боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына кайрыларыбызды билдиребиз», — деп айтылат катта.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Байгазы Раимкулов «Клоопко» берген маегинде, «7 каналдын» чагылдырылган «коммерциялык сюжет» — башкача айтканда жарнама болгон деп эсептейт.

«Сатыбалдиев ишканага жетекчи болууга “кызыктар” деген маалымат беришкен. [...] Сатыбалдиев ал жерге [жетекчи болууну] ойлонгон да эмес экен. Жок эле жерден алар [“7 канал”] облустун жетекчисин ошол жерге кызыктар деп чыгарышкан», — деди Раимкулов.

Ал эми «7 каналдын» башкы продюссери Азамат Абдиев Раимкуловдун оюн төгүндөдү. Анын айтымында «7 каналдын» журналисттери Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаз» ишканасынын кызматкерлеринин пикирин жеткиришкен.

«Ал теманы биз козгогон эмеспиз, ал теманы “Кыргызмунайгазынын” жетекчилери козгогон. Бизге эч кандай тиешеси жок. [...] Өкмөттүн өкүлүнүн орун басарынын жазган катын жакшылап карасаңар, ал жерде эч кандай бизге күнөө койгон жери жок. Бизге бир гана каналдан өздөрүнүн пикирин айтууга “площадка” түзүп берүүнү гана суранган. Ага бир сааттык түз эфир беребиз», — деди Абдиев.