Ош жана Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн борборлор ачылат

Аялдардын иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек жана Ош шаарларында зомбулуктан жабыркагандар үчүн мамлекеттик кризистик борборлор ачылаарын кабарлады.

Ошондой эле Өмүрбекова башка шаар жана айылдарда үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттер түзүлөөрүн билдирди.

«Прокуратура органдарын ар бир үй-бүлөлүк зомбулук фактын өзгөчө көзөмөлдө кармоого, мыйзамдын аткарылышына өзгөчө көз салууга, ИИМдин жетекчилигин жеке курамга коңүл буруу этабында жана тергөө баскычында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына өзгөчө мамиле кылуу керектиги тууралуу тийиштүү иштерди тез-тез жүргүзүп туурууга чакырам», — деп билдирди Өмүрбекова.

Буга чейин парламенттин депутаттары учурда зомбулукчу айыппул менен гана кутулуп кетип аткандыктан үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү сунушташкан. Бул талкуулар 2020-жылдын башында үч аял күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза таап, дагы бирөө күйөөсүнүн бензин чачып өрттөөсү менен денеси күйүп ооруканага түшкөндөгү окуялардын шартында болду.

2019-жылга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун сегиз миңден ашуун учуру Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Алардын 554 гана сотко жөнөтүлгөн, дагы 560 иш каралып жатат, калгандары токтотулган.

Мындан тышкары, өткөн жылга карата милиция 6145 корук кат тапшырган. Алардын 5700дөн ашууну аялдарга, 170ке чукулу балдарга берилген. Эгер милиционерлердин үй-бүлөдө зомбулук болуп жатканына көзү жетсе, анда алар бул документти жабыркаган адамга тапшырууга милдеттүү.