Аксыда окуучу кыз чана менен даракты сүзүп алып каза тапты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өспүрүм кыз катуу ылдамдыкта чана тээп баратып даракты сүзүп каза болду. Окуя 17-январь күнү кечке жуук болгон.

«Турмуш» басылмасы маалымдагандай, маркум Кара-Суу айылындагы орто мектептердин биринде 8-класста окуган. Ал эми райондук билим берүү башкармалыгынан мектеп убактысынан кийин окуучуларга ата-энелер жооп беришээрин билдиришкен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуяны тастыктап териштирүү жүрүп жатканын «Клоопко» маалымдады.

«Кыздын туугандары “кокустук болду, жаш кызды кыйнабайлы, эч кимге дообуз жок” деп соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты», — деди Жээнтаев.

Басма сөз катчы кыздын чана менен дарак сүзүп алганы күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен тастыкталганын кошумчалады.