Баткен: Чек арадагы жаңжалда кармалган төрт тургундун экөөсү эки айга камалды

Көк-Таш айылы. Сүрөт: Медербек Ниязалиев / RFE / RL

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кармалган Көк-Таш айылынын төрт тургунунун экөөсүн Кадамжай райондук соту 17-январда үй камагына чыгарды. Ал эми калган экөө эки айга камалды. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Манас Сейитказиев билдирди.

«Үсөн Сапарбаевдин экинчи топтогу майыптыгы, ал эми Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы жана үй-бүлө бакканы эске алынып үй камагына чыгарылды», — деди Сейитказиев.

11-январда Баткен ОИИБи Көк-Таштын төрт тургунун кармаган. Милициянын басма сөз катчысынын маалыматы боюнча, алар тажик жаранынын унаасына таш ыргытып терезесин талкалоого катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Кармалгандардын үстүнөн «Массалык баш аламандык», «Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

13 жана 15-январда Бишкекте жана Баткенде чек арага чектеш жашаган тургундардын катышуусунда митингдер өткөн. Анда чогулгандар өз жерин коргоп чыккандарды кысымга алууну, аларды камоону токтотууну, ошондой эле кармалган Көк-Таштын төрт тургунун бошотууну талап кылышкан.

Баткен шаарында 16-январда өткөн кыргыз өкмөтүнүн координациялык кеңешмесинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кармалгандардын иштери мыйзам чегинде карала тургандыгын айткан.