Кыргызстандык Денис Петрашов Женевадагы сууда сүзүү боюнча турнирде күмүш медалга ээ болду

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча CIG Challenge эл аралык турниринде күмүш медаль утуп алды. Аталган турнир Швейцариянын Женева шаарында өткөн.

Ал күмүш медалды 200 метрлик аралыкты 2 мүнөт 15 секундда сүзүп өткөндүгү үчүн алган. Петрашов мындан тышкары 100 жана 50 метрлик аралыктарда да күч сынашып, төртүнчү жана жетинчи орундарды алган.

Петрашов 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышып, 100 жана 200 метрлик аралыктарда брасс стили боюнча күч сынашат. Ал 2016-жылы Рио-де-Жанейродо болуп өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

2020 жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунда Токиодо башталат. Ал оюндарга Денис Петрашовдон тышкары башка кыргыз спортчулары да катышат: балбан Айсулуу Тыныбекова, жеңил атлетчи Дарья Маслова, балбан Атабек Азизбеков жана жөө күлүк Юлия Андреева.