Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсү чектелиши мүмкүн

О’Хара аэропорту, Чикаго. Сүрөт: Томас Хоук, Flickr, Creative Commons лицензиясы

Президент Дональд Трамптын администрациясы жети өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүн чектей турган мыйзам долбоорун карап жатат. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар.

«Политико» басылмасы маалымдагандай, бул тизмеге Беларусь, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея жана Танзания да кириши мүмкүн.

Мурдараак «Уолл Стрит Жорналдын» журналисттери Давостогу форумда Трамптын өзүнөн кененирээк билүүгө аракет жасашкан, бирок ал чектөөлөргө кабыла турган өлкөлөрдү атоодон баш тартып койгон.

Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидли билдиргендей, мыйзам долбоорун «өлкөнү террордук чабуулдардан коопсуз кылуу» максатында кабыл алууну пландап жатышат.

2017-жылдын январында Трам алгачкы мыйзам долбоорго кол койгон жана ага ылайык, мусулман калкы басымдуу бөлүгүн түзгөн өлкөлөрдүн жарандарына чектөө киргизилген. Бирок, укук коргоочу уюмдардын жана бир катар соттук териштирүүлөрдөн улам эки ай өткөндөн кийин мыйзам өзгөртүлгөн.

Жыйынтыгында, Жогорку сот Иран, Сирия, Сомали, Йемен, Венесуэла жана Түндүк Корея жарандарынын кирүүсүн чектөө чечимин кабыл алган.

Иран жана Түндүк Корея өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү толугу менен тыюу салынган. Ал эми калган беш өлкөнүн жарандарына карата чектөөлөр — эң көп жайылган B визасын берүүгө байланыштуу. Мындай визаларды миграция жана иштөө укуктары жок болгон иш жана туристтик сапарлар үчүн алышат.

Ал эми Венесуэла боюнча, бул өлкөнүн мамлекеттик аткаминерлерине гана кирүүгө тыюу салынган.

«Политико» басылмасынын маалыматы боюнча, кара тизмедеги жаңы өлкөлөр менен да ушундай болушу ыктымал: «Чектөөлөр кээ бир өкмөттүк аткаминерлерге же кээ бир визалардын түрлөрүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн».