Ноокат районунун Көк-Бел айылындагы Насирдин Исанов мектебинин күнөсканасында январдан баштап 1200 түп помидор тигилди. Күнөскана өзү өткөн жылдын сентябрь айында курулган.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2020/01/nookat-1.jpg)
Райондук билим берүү башкармалыгынын усулчусу Зайнабиддин Мамасыдыков күнөскана окуучуларга берилчү тамак-ашты жер-жемиштер менен камсыз кылуу максатында орнотулганын айтты.
«[Исанов атындагы] мектепте азыркы убакытта ысык тамак берилет, ошондуктан окуучулар таза жер-жемиштер менен такмактансын деген максатта күнөскана курулган. Ошондой эле окуучулар биология жана эмгек сабактарынан теориялык билимин практика менен айкалыштырып өтсө деген да максат болгон», — дейт Мамасыдыков.
Исанов атындагы мектептин чарба иштери боюнча башчысы Маганбет Кадырбеков күнөскананын долбоорун 2017-жылы жазып түзгөн. Аны ишке ашырууга жалпысынан 2,5 миллион сом сарпталган. Анын 1,9 миллионун демөөрчүлөр беришкен, калганы Көк-Бел айыл өкмөтү жана окуучулардын ата-энелери тарабынан каржыланган. Күнөскананын узундугу 53 метр, туурасы 14 метрди түзөт.