Баткендеги чек ара башкармалыгынан 80 даана кубаттагыч жоголду

Баткен облусунун чек ара башкарамалыгында баасы 2 млн сомго жакын күндөн кубат алуучу кубаттагычтардын жоголгону аныкталды. Аталган жабдыктар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп турган.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-январында мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин тапшырмасы менен аскер бөлүктөрдө жана бирикмелерде текшерүү иштери өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Баткенде кубаттагычтардын жетишпестиги аныкталды», — деди «Клоопко» чек ара кызматынын басма сөз катчысы Асылкерим Ажиев.

Ажиев кубаттагычтар кантип жоголгонун айта алган жок. Басма сөз катчы аталган факт боюнча материалдар Аскер прократурасына өткөрүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Т-медиа» басылмасына 1 миллион 750 миң сомдук кубаттандыргычтарды сатууга шектелип чек ара кызматкери кармалганын билдирген.