«Казактын» адвокаты милиционерди «каралар менен коркутканын» төгүндөдү

Мырзамидин Жусупов жана Динара Турдуматова

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Нурбек Айтбай уулунун жактоочусу Динара Медетова «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон Марат Умаровдун жактоочусу Динара Турдуматова милиционерди «каралар тарабынан жок кылынаарын» эскерткени тууралуу маалымат тараган.

Умаровдун жактоочусу Динара Турдуматова бул маалыматты төгүндөп, аны каралоо аракети болуп жатканын айтууда. Ошондой эле анын кардары адамды ур-токмокко алууга жана жашы жете элек кызды зордуктоого далил жетишсиз эле шектелип жатат деп эсептейт.

Милициянын версиясы

Сүрөт: Азаттык

Жактоочу Динара Медетованын айтымында, «Казак» ээнбаштык жана зордуктоого шектелип кармалгандан кийин Ош шаардык милициясына анын жактоочусу Турдуматова келген. Ошондой эле ал милиция кызматкери Айтбай уулунан зордукталган кыздын ата-энесинен тосмо арыз алып берүүнү талап кылган.

Милиционер баш тарткан соң, ал Айтбай уулун «Казакка» карата кыйноолор болгондугу жөнүндө арыз жазаарын билдирген. Бир нече күндөн кийин Турдуматова милиционерге кайрадан келип «уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жок кылынасың» деп эскерткени айтылат.

Медетованын айтымында, Айтбай уулу Маратовду кармоо иш чарасында катышкан эместигине карабастан, ага карата «Казакты» кыйноо фактысы боюнча УКМКга арыз түшкөн.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков милиция кызматкерине карата коркутуу тууралуу маалымат текшерилип жатканын, жакын арада жыйынтык чыгаарын айтты.

«“Казак” өспүрүм кезинен баштап жалпысынан 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Былтыркы жылы эле анын үстүнөн 4 жолу кылмыш иши козголгон. Маратовдун уюшулган кылмыштуу топко тиешеси жок деп айтуу “карышкырды кой жебейт деп койлордун арасына кошуп коюу менен барабар”. Биздин позиция ушундай. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү сөзсүз абакта отурушу керек. Ушул жерде айтып кетиш керек, анын адвокаты Динара Турдуматова өз милдеттерин аткарып жатат. Милдети шектүүлөрдү коргоо болуп саналат, ал эми биздин милдетибиз болсо андай адамдарды коомчулуктан четтетип, коомчулукка залакасын тийгизбей тургандай кылып кармашыбыз керек», — деди Сыдыков.

Сыдыков айтымында, Маратов жоопкерчиликтен кутулуу максатында кыйноолорго кабылганын айткан.

«Бизге адат болуп калгандай, үйрөнүп калганбыз: кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн, эптеп эркиндикке чыгуу үчүн көпчүлүк жарандар “мени милиция урду, сокту, сабады” деп ар кандай айтышат. Бул модага айланып бара жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы милиция кызматкери ургандыгын атайын көзөмөл органдары дагы, УКМК дагы былтыркы жылдын эсебинде бир дагы далилдеп, көрсөтө элек!» — деди Сыдыков.

Умар Маратов («Казак»)

«Казактын» жактоочусунун версиясы

Жактоочу Динара Турдуматованын айтымында, милиция кызматкерлери аны каралоого аракет жасап жатышат. Ал милиционердин адвокаты тараткан маалыматты төгүндөө үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, ага «Казактын» досу Мырзамидин Жусупов менен келген — ал Маратов менен кошо 23 жаштагы баланы Оштун кафелеринин биринде сабоого шектелип кармалган. Ошондой эле жыйынга Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков катышты.

Турдуматова менен Жусупов Умар Маратов биринчи ирет кармалганынын хронологиясын айтып беришти. Жусуповдун айтымында, урушту үч бала баштаган. Ал эми «Казак» ал мушташка катышпаган, Маратов уруштан кийин Жусуповду алып кетиш үчүн келген. Кийинчерээк аны белгисиз адамдар кара BMW үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып кетишкен. Анын артынан Жусуповду да кармашкан.

«Кинодогудай эле Маратовду күч колдонуп унаага салышты. Мени башка унаада алып кетишти. Бизди милиция бөлүмүнө алып келгенде, мен Маратовдун кыйкыргандарын уктум — ошол эле убакытта аны милиция кызматкерлери сабап баштаган окшойт», — деди Жусупов. Ошондой эле Жусупов милиция бөлүмүндө анын 1900 доллар акчасын сумкасы менен кошо алып коюшканына даттанды.

Умаровдун жактоочусу «ээнбаштык» боюнча иш жабырлануучулар тосмо арыз жазганына карабастан жабылбаганына нааразы. Ошондой эле Улан Райымбеков — Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси — аны Умар Маратов сабаган эместигин айтып, тосмо арызды жазганын да белгиледи. Турдуматова «Казак» жашы жете элек кызды зордуктаганына дагы ишенбейт, себеби «беттештирүү» өткөрүлгөн эмес.

«Аны бекитишип соттук-психологиялык экспертизаны өткөрүшпөй жатышат», — деп эсептейт Турдуматова.

Турдуматова УКМКга жана Каржы полициясына кыйноо жана «1900 доллар акчаны урдоо» фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошондон кийин ага «каралоо» башталган. Жактоочу милиция кызматкерине коркутуу болгон учурда ал Ошто эмес Жалал-Абадда болгонун кошумчалады.

«Керек болсо ал диктофон менен дагы уктайт, эмне себептен [биздин сүйлөшүүнүн] жазуусу жок», — дейт жактоочу.

Маратов жана Жусуповдун жактоочусу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыйноо фактыларын далилдгенин кошумчалап, иш УКМКда каралып жатканын маалымдады.

Материалдын үстүнөн иштегендер: Элдияр Бакиров, Хамидулло Узаков, Байкал Топчубаев, Диана Омурзакова