Мирлан Бакиров: Кыргызстандагы турмушка нааразыларды Памирге жөнөтүү керек

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров 23-январда парламенттин жыйынында өкмөттүн мүчөсүнө кайрылып жатып Кыргызстандагы бүгүнкү турмушка нааразы болгондор болсо, аларды Памирге бир жумага жөнөтүү керектигин билдирди.

«Ал жердеги жашоонун оордугу, кыйындыгы тарых барактарында, тарыхчылардын баяндамасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында көрүнүп турат. [...] Мен айтып кетет элем, Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгондор болсо, ошол жакка бир жумага жолдомо алып жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатканын реалдуу көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт», — деди Бакиров.

Ошондой эле депутат бүгүнкү күндө аз да болсо Ооганстандан этникалык кыргыздар көчүрүлүп келгенин кошумчалап, муну мамлекеттин кыргыз эли кай жерде гана болбосун колун сунуп жардам бере ала турганын көргөздү деп баалады.

2019-жылдын мартында социалдык тармактарда Ооганстандан Нарынга көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар шаардын базарларында коробка чогултуп жүрүшкөнү тартылган сүрөттөр пайда болгон.

Анда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева картон кагазын чогултуу да — «эмгек» экенин айткан.

«Бизде Нарында деле таштанды полигондорунда, базарларда макулатура чогулткан шаар тургундары бар. Алар колдорунан келген жумуштарды аткарып жатышат. Мунун эч кандай уяты жок, бул адал эмгек», — деп түшүндүрүп берген Ибраева «Турмуш» басылмасына.

Бийлик 2017-жылдын аягында билим берүү жана дарылоо максатында Ооганстандан Нарын облусуна 48 этникалык кыргызды көчүрүп келген. Алардын жарымы каникулга кеткен бойдон кайра Кыргызстанга кайтышкан эмес.

Ал эми 2019-жылдын аягында Алай районунаОоган Памиринен 10дон ашуун үй-бүлө көчүрүлдү. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылды. Өкмөт азырынча алардын тамак-ашына каражат бөлө элек.