«5 млн сом компенсация». Журналист менен активист Жеңиш Разаковду сотко беришти

Журналист Канышай Мамыркулова менен коомдук активист Самат Алиев 22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун үстүнөн арыз жазышты.

Бул тууралуу Мамыркулова өзүнүн фейсбук баракчасында кабарлап, «эл жана чек ара маселеси оюнчук эмес» деп билдирди.

Арызда жазылгандай, Разаковду сотко берүүгө 13-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек ара чырынан улам кармалгандарды колдоо митингине чыккандарга карата «алар акча менен чыгарылган адамдар» деген пикири себеп болду.

Журналист митингдин катышуучуларынын бири. Мамыркулова жана Алиев вице-премьер-министрдин айткандары «алардын кадыр-баркына жана жарандык ар-намысына шек келтиргендиги үчүн» компенсация иретинде ар бирине 5 миллион сом төлөп берүүнү талап кылууда.

Баткен облусундагы Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында 9-январда жаңжал чыгып, ал 12-январга чейин уланган. Натыйжада башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген шек менен милиция Көк-Таштын төрт тургунун кармаган.

Баткендин ОИИБиден кармалган тургундарга карата «курал жаракты мыйзамсыз сактоо» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлашкан. Кармалгандардын экөөсү үй камакка чыгарылып, экөөсү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган баткендиктерди колдоо боюнча экинчи митинг 15-январда Бишкек жана Баткен шаарларында өттү. Ага жүздөгөн адамдар катышып, алардын талаптарынын бири Жеңиш Разаковду отставкага кетирүү болгон.