Ош шаарында «никеге мажбурлап тургузуу үчүн кыз ала качкан» үч киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: "Кыз коргон институту"

Ош шаарында 22 жаштагы кызды алып качууга шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Окуя 22-январга караган түнү болгон. Кыз азык-түлүк дүкөнүнө чыкканда аны үч киши мажбурлап унаага салып кетишкен. Кыз уурдалганы тууралуу милицияга ата-энеси кабарлаган.

«Кыз учурда ата-энесинин колунда. Шектүүлөр кыз менен тааныш болгон экен. Мыйзам боюнча аларга [минималдуу] 5 жыл абак жазасы каралган», — деди Сыдыков.

Шектүүлөрдүн экөөсү Ош шаарынын тургуну, ал эми бирөөсү Тажикстандын жараны болгон. Аталган факт боюнча «Адамды никеге тургузуу максатында уурдоо» деген берене менен сотко чейинки өндүрүш башталып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш кодекси боюнча адамды никеге мажбурлап тургузуу үчүн ала качууга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Өспүрүмдү уурдагандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн же 200 миң сомго чейин айыппулга жыгылышы мүмкүн.

2018-жылдын ноябрына карата жалпы 895 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 18% гана кылмыш иши козголгон, ал эми сотко болгону 28 учур гана жеткен.