Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу февралда жанданат

Ош шаарындагы Ломоносов мектеби. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Шумкар Сайдиев «Клоопко» билдиргендей, бул жылы республикалык бюджеттен Оштогу курулушу бүтө элек төрт мектепке каражат каралган. Алардын ичинде Ломоносов мектеби дагы бар.

«Ал маселенин эң башында Ломоносов мектеби турат. Буюрса, биринчи ошол мектептен баштайбыз», — деп ишендирди Сайдиев. Бирок так кайсы убакытта каражат бөлүнөөрүн жана курулуш иштери качан бүтөөрүн айткан жок.

Ал эми мектептин мүдүрү Гүлмира Осекова имараттын курулушу февралдын башында жанданаарын айтты.

Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу дээрлик үч жылдан бери токтоп турат. Ал эми окуу жайдын эски имараты төрт жыл мурун «кооптуу» деп табылган.

Жаңы имараттын курулушуна бюджеттен 45 миллион сом бөлүнүү чечилген. Бирок курулушту ишке ашырып жаткан «Бек-Строй Плюс» ЖЧКсынын директору Улам Мамытов куруу иштерине ал каражаттын 30 миллион сому гана бөлүнгөнүн билдирген. Бул себептүү имараттын 90 пайызы курулуп калган иштер токтоп калган.

Буга чейин «Клооптун» журналисттери бул мектептеги көйгөйлөр туурасында материал даярдаган эле. Анда мектептин ажатканасы да «кооптуу» абалда болчу. Мындан улам ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн коркуп жатышканын айтышкан. Биздин макала жарык көргөндөн он күн өткөн соң ажаткана оңдолгон.