Кара-Көлдө «опузалап пара алууга» шектелген судья жумушунан алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-февралда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду ээлеген жумушунан бошотту.

Буга чейин Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Ыманбековду кызматынан убактылуу четтеттүү жана жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча чечим чыгарып өлкө башчыга жөнөткөн.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов судья «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» жана «Опузалап пара алууга» шектелип жатканын билдирген.

Өткөн айда президент Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматынан бошотту. Ага Сулайманованын «баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү» кылмыш ишин негизсиз кыскартып, шектүүнү психикалык ооруканага жайгаштыруу чечимин чыгарганы себеп болгон.

Андан көп өтпөй Тартип комиссиянын кезексиз отурумунда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда иштен четтетүү чечими кабыл алынган. Ага чейин Сулайманова мас абалында унаа башкарып жол кырсыгына кабылган.