Кримтөбөл «Казакты» үй камагына чыгарган судья жумушунан четтетилди

Материал 17-январь күнү саат 11:20да жаңыртылды.

Соттор кеңешинин комиссиясы Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы жумушунан четтетүү чечимин кабыл алды. Президент Сооронбай Жээнбеков 17-январда бул сунушту колдоп, судьяны жумуштан алууга кол койду. Сулайманованы иштен четтетүүгө Ош облусттук прокуратурасы тарабынан арыз түшкөн. 

«Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон», — деп айтылат президенттин сайтында жарыяланган маалыматта.

«Турмуш» басылмасы маалымдагандай, Сулайманова «баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү» кылмыш ишин кыскартып, шектүүнү психикалык ооруканага жайгаштыруу чечимин чыгарган. Ал эми Ош облустук соту анын чечимин жокко чыгарып, кайра тергөөгө жөнөткөн.

Ошондой эле бул судья 8-январь күнү «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Умар Маратовду (мурдагы аты Эрнис Казаков) үй камагына чыгаруу чечим кабыл алган. Анын иштен убактылуу алынганын «Клоопко» Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

«Судья Айнура Сулайманова [Жогорку соттун алдындагы] дисциплинардык комиссия тарабынан башка факты боюнча жумушунан четтетилиптир», — деди Сыдыков.

Маратов «Ээнбаштык» жана «Зордуктоо» беренелери менен шектелип, өткөн жылдын декабрында кармалган. Мындан көп өтпөй, 11-январь күнү, мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбеков сабалган. Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, бул кылмышка «Казактын» тиешеси бар, бирок далилдер жетишсиз.

Мурдараак Ош облусттук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов, судья «Казакты» анын жазадан качып кетпей турганына ынанып, «Ээнбаштык» иши боюнча жабырлануучу тосмо арыз жазганын эске алуу менен үй камагына чыгарганын «Клоопко» билдирген.

«Ош шаардык соту 8-январь күнү бөгөт чарасын кароодо жашаган жерин аныктап, аны үй-камагына чыгарган. [...] Ошондой эле анын баскан-турганына дагы чектөө киргизилди: кечки 10дон эртең мененки 6га чейин эч жака чыкпоо милдеттендирилди. Аны Өзгөн РИИБи көзөмөл кылып турат», — деди Осмонкулов.

Бирок Замир Сыдыков сот Маратовду үй камагына чыгарганы менен макул эмес. 

«“Казак” эркиндикте жүрсө, [жабырлануучуга] тосмо арызды жаздырат да. [...] Милициянын кетирген мээнети аянычтуу», — деп кейиди ал.