Жалал-Абадда мас абалында унаа башкарган судьяны мөөнөтүнөн мурда иштен алуу сунушталды

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 27-январда кезексиз отурумга чогулду. Анда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын сунушу менен Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда иштен четтетүү чечими кабыл алынды. Бул чечим өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлдү.

Сулайманова өзү төрт күн мурда жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган, ал эми комиссиянын отурумуна ден соолугуна байланыштуу катыша алган эмес. Бул тууралуу «Клоопко» «Коомдук анализ институту» коомдук бирикмесинин юристи Мухамед Ибраев кабарлады.

«Судья Сулайманова мас абалда документтерсиз унааны башкарып судьялардын этикасын одоно бузган. Сулайманова ал жүйөөлөрдү моюндап, кечирим сурады» — деди Ибраев.

Сулайманова өткөн жылдын аягында Жалал-Абад шаарында мас абалында унааны башкарып жол кырсыгына кабылган. Ага карата инспектор Асылбек Мамазакиров «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» жана «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» беренелери боюнча протокол түзгөн. Ага жалпысынан 24 миң сом айыппул салынган.

Мамазакиров түзгөн протоколду жокко чыгаруу арызы менен судья өзү иштеп жаткан Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. Буга нааразы болгон инспектор иш башка сотто каралышын талап кылып, судьяга үч жолу ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Бирок судья алмашканы менен иш дагы деле шаардык сотто каралууда.

Буга чейин Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими менен Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова мөөнөтүнөн мурда кызматынан кол жууган. Буга Сулайманованын баңги затка байланышкан ишти кароодо бир катар мыйзам бузуулары себеп болгон. Ошондой эле аталган судья «зордуктоого» шектелип кармалган «Казак» каймана аты бар Умар Маратовду үй камагына чыгарган. Анын бул чечими коомчулукта нааразычылык жараткан.