Ноокенде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип издөөгө жарыяланган киши табыла элек

Зордуктоого шектелген кишинин фотороботу. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда 28-январь күнү 3-класстагы кыз зордукталганы кабарланган. Бул кылмышка шектүү адам төрт күндөн бери табыла электигин «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Жабырлануучунун апасы милицияга жазган арызына ылайык, кылмыш 28-январда саат 17:00 чамасында кыз мектептен үйүнө кайтып жатканда болгон. Ноокен райондук ички иштер башкармалыгы зордуктоого шектеп 20-25 жаштагы кишини ошол эле күнү издөөгө салган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.