Ноокенде тогуз жаштагы кызды зордуктаган киши изделүүдө

Шектүүнүн фотороботу. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына 28-январда 3-класстагы кызын 20-25 жаштагы бала зордуктады деп аталган райондун тургуну кайрылган. Өз арызында ал окуя кызы мектептен кайтып жатканда болгонун билдирген.

«Окуя саат 17.00 чамасында болгон. Кыз мектептен үйүнө келе жатканда жолдо бейтаныш бала коркутуп, күч колдонуп зордуктаган. Учурда кылмышка шектүүнүн өздүгүн, жүргөн жерин аныктоо үчүн тергөө иш аракеттери жүргүзүлүүдө», — деди «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Аталган факт «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү эскпертизалар дайындалды.

2019-жылдын 20-декабрында Аксы районунда 5 жашар кызды зордуктоого аракеттенген киши кармалган. Окуя кыздын ата-энеси базарга кеткен учурда болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.