Баткен облустук телеканалынын жетекчиси алмашты, бирок кызматкерлер буга каршы

Баткен облусттук Медиа борборунун директору Мамажан Бердишев 3-февралда өз каалосу менен кызмат ордунан кетүү тууралуу арызын жазды. Анын ордуна ошол эле күнү режиссёр Алым Токторов дайындалды.

Бул чечим менен макул болбогон телеканалдын кызматкерлери Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамагуловго жана өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго Бердишевди ордуна калтыруу өтүнүчү менен кайрылуу кат жолдошту.

«Биз, Баткен облусттук Медиа борборунун кызматкерлери, бир добуштан башкы директор Бердишевди колдойбуз. Себеби жетекчинин телекомпания үчүн жасаган эмгегин күн сайын көрүп, күбө болуп келебиз. [...] Баткен медиа борборунун жалпы кызматкерлери биздин башкы директорубуз Бердишевди ордуна калтырууну талап кылуу менен биз менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деп айтылат кайрылууда.

Социалдык тармактарга жарыяланган кайрылууда Баткен облусттук телеканалынын 41 кызматкеринин 27си кол койгонун көрүүгө болот. Ал эми Баткен медиа борборунда жалпысынан 70дей адам эмгектенет.

Социалдык тармактарда Бердишевди «кызматтан кетиришти» деген маалыматтар жарыяланды. Ал эми телеканалдын кызматкерлери «Клоопко» анын иштен алынуусу мыйзамсыз болгонун билдиришти. Бирок алар кеңири маалымат берүүдөн жана аты-жөндөрүн атоодон баш тартышты. «Мыйзам бузууга жол берилбейт деп ишенебиз», — деди кызматкерлердин бири.

Бердишев өзү иштен өз арызы менен кеткенин тастыктады. «Кечээ, 3-февралда, өз каалом менен арыз жазып жумуштан кеттим. Кызматкерлердин мен жөнүндө кайрылуусу боюнча эч кандай маалыматым жок. Мен көп жылдан бери кызмат кылдым, эми башка жетекчи келсин деп арызды [жаздым]», — деди Бердишев.

Ал эми Медиа борбордун жетекчисинин орун басары Кайрат Жапаров «T-Media» басылмасына жамаат ичинде нааразычылык жок экенин айткан. Ошондой эле жаңы жетекчини дайындоо замандык талабы деген.

«Баткен Медиа борборунун сапатын көтөрүш керек болуп жатат. Кызматкерлердин деңгээлин көтөрүү керек […] Эскиче иштегенге болбой калды. Бир, экөөсү бир аз «оюн» кылып жатышат. Мен аларга түшүндүрүп айттым. Жаңы келсе аны менен иштешиш керек. Арыз жазгандар да жаңы эле келишкен», — дейт Жапаров.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан Бердишев өз каалоосу менен кеткен деп кыскача гана комментарий беришти. Материал жарык көрөөр алдында телеканалдык кызматкерлеринин бири министрликке жолдонгон кайыруу каты кайра чакыртып алынганын айтты.