Чоң-Алайдын тургуну өспүрүм кызын турмушка бергени үчүн эки жарым жылга соттолду

Ош облусунун Чоң-Алай райондук соту 27-январь күнү жашы жете элек кызын турмушка узаткан кишини эки жарым жылга эркинен ажыратты. Бул өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Айыпталган киши 2018-жылдын февраль айында макулдугун берип өзүнүн 16 жаштагы кызын күйөөгө берген. Алардын никесин айылдагы молдолордун бирине кыйдырган.

Соттолуучу күнөөнү мойнуна алды. Бирок анын айтымында кыз өзүнүн макулдугу менен турмушка чыккан. Ошондой эле айыпталуучу мыйзамсыз иш-аракеттер болуп жатканын билген эмес.

Кыз соттук отурумда атасынын сөздөрүн тастыктап, турмушка чыккан жигит менен мамиледе болушканын айткан.

Соттолуучу «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен күнөлүү деп табылды. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайларды эске алып, ага карата бир жыл пробациялык көзөмөл колдонулуп, жазык жоопкерчилигинен бошотулду.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» маалымдагандай, нике кыйган молдо каза болуп калгандыгына байланыштуу ага карата кылмыш иши козголгон эмес.