Бир графика менен: Үй-бүлөлүк зомбулукка эң көп Бишкекте кабылышкан

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Анын дээрлик 27 пайызы Бишкек шаарында орун алган.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексиндеги беренелер менен каралган.