Оор жүк ташыган сегиз кыргызстандык айдоочу Кытайдан чыга албай турат

21-январда жүк алып келүү үчүн Кыргызстандан Кытайга ондогон оор жүк ташуучу унаа жөнөп кеткен. Жүктү алып чыкканча, кыргыз-кытай чек арасы алгач Жаңы жылга карата, андан кийин коронавирустан улам карантинге жабылып калган.

Айдоочулардын бири Нурбек Акматов «Клоопко» билдиргендей, сегиз адам 13 күндөн бери Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусундагы Топо аймагында мейманканада түнөп жатат. Анын айтымында, чек арачылар жүк ташуучу унааларды беш күндөн бери кампада кармап, айдоочуларды документтер бүтпөй атат деген жүйө менен унааларына жолотпой жатышат.

«Буга чейин документ иштерин фирмалар бүтүрчү. Азыр карантинге жана жүк аз болгондугуна байланыштуу фирма да жок. Кызыл-Суу автономдук облусттун губернаторунун орун басары келди, бирок маселени чече албагандай көрүнөт. Чек арада кызматкерлер көрүнбөйт, документ менен алектенгендер да жок», — деди Акматов.

Акматов Кырызстандын «Торугарт» чек ара бекети Кытайдын Топо айылынан 160 км алыстыкта жайгашканын, ошондой эле айдоочулар бет кап тагып жүрөөрүн кошумчалады.

Буга чейин Кытайдын Улугчат аймагынан оор жүк ташыган 22 кыргызстандык айдоочу мекенине кайтып келген. Алар кыргыз-кытай чек аранын ачылышын мейманканалардын биринде күтүп турушкан жана алардын дене табын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үч маал текшерип турган. Алар 4-февралда Кыргызстандын «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетине келишип, убактылуу жатаканага жайгаштырылган соң үч күнгө изоляцияланган.